www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франция Гүлнара Каримованын 10 миллион доллар активин Өзбекстандын Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратурасына кайтарып берди. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлигине таянып, өзбек басылмалары жазып чыкты.

Министрликтин коомчулук менен байланышуу башкармалыгы билдиргендей, кайтарылган каражат социалдык долбоорлорго жумшалат жана алар тууралуу ачык маалымат берилип турат.

Өзбекстандын Юстиция министрлиги Швейцария, АКШ, Франция жана Орусиянын тиешелүү органдары менен бирге башка каражаттарды кайтаруу иштерин улантууда. Кеп Каримованын дагы 1,3 миллиард доллары жөнүндө болуп жатат.

Каримова опузалап мүлктү менчиктеп алуу, ыксыз сарптоо, кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо боюнча коюлган айыптар менен түрмөдө отурат. Ал жалпысынан 13 жыл 4 айга кесилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости