www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алматы шаарынын санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин "Рахат" кондитердик фабрикасындагы абал боюнча маалымат берип, алгач 10 кишиден коронавирус чыкканын айтты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
"Алгач фабриканын бир кызматкеринен кезектеги текшерүү учурунда COVID-19 аныкталган. Андан кийин стационардык тепловизор менен текшерип жаткан учурда сегиз кишинин эти ысып турганы билинген. Тез жардам кызматын чакырып, коронавируска шектелгендер жумушка киргизилген эмес", — деп айткан ал.
Дарыгер кийин ошол сегиз кишиден да коронавирус инфекциясы чыкканын кошумчалады.
Бул окуядан кийин медиктер ишканада иштеген 1,5 миң кызматкерди текшерүүгө алган. Алардын ичинен симптому билинбегени менен инфекция дагы 467 кишиден чыккан. Алар бүгүнкү күндө үй карантинге жиберилип, бейтапкана дарыгерлеринин көзөмөлүндө турганы айтылды.
"Фабрикадагы калган миңге чукул киши шаарга жакын айылдардан болгондуктан, алар облуста көзөмөлгө алынган. Ал эми шаардык жумушчулар калаадагы алгачкы медициналык жардам көрсөткөн оорукананын кароосунда болууда", — деп маалымдаган Бекшин.
Эске сала кетсек, 13-июнда "Рахаттын" кызматкерлеринен коронавирус чыккандыгына байланыштуу ишин токтоткон. Алгач ишкананы жабууну 15-июнга чейин деп белгилеп, бирок 23-июлга чейин узартышкан.
Булак: NazarNews.kg