www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламенттин мурдагы депутаты Исхак Масалиев Фейсбуктагы баракчасынан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы боюнча пикирин билдирди.
Саясатчы кеткен өкмөт башчынын ордуна мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жок, бирок тил алчаак адам өкмөт башчы болуп келерин жазды.
“Бизге өз пикири жана өлкөнү өзгөртүүгө калоосу бар премьер-министр жетишпей жатат”, - деди Масалиев.
Социалдык тармактарда өкмөт башчылыкка талапкер катары өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, биринчи вице премьер-министр Кубатбек Боронов жана Бишкек мэри Азиз Суракматовду жана Улукбек Кочкоровду сунушталып жатканы айтылууда.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын берди. Абылгазиевдин арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген.
Эске сала кетсек, 27-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыска эмгек өргүүсүнө чыгып, мунун себебин радио жыштык боюнча тергөөнүн калыс өтүшү үчүн деп түшүндүргөн. Жогорку Кеңештин 20-майдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатууга байланышкан коррупция маселесин көтөргөн. Анда депутат өкмөт башчынын бул ишке тиешеси бар-жогун териштирүүнү талап кылган.
Финансы полициясы “Айтел” ишканасынын лицензиясынын мыйзамсыз узартылышына байланыштуу сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатканы 24-майда белгилүү болгон.
Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган 30-өкмөт 2018-жылы 20-апрелде ишин баштаган.
Булак: NazarNews.kg