www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-губернатор Жусупжан Жээнбеков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгүдөй пикирин жазып чыкты.

"Мамлекетти сазга тыгып коюп, мен кеттим" деген бул чыккынчылыкка тете! Элиң урушса, сөксө да чыдашың керек эле!

Чыдабайт экенсиң, п..к жегени келдиң беле, же бажаларыңдын бактысын ачып коём дедиң беле, же жайыт талаштырып өз кичи мекениңдин элин бөлүп коёюн дедиң беле...?

Мына эми ашууда ат алмаштырып, Сооронбай Шарипович толук кандуу эл алдында жоопкерчиликти моюнга алдыңыз, радикалдуу элдик чечимдерге даяр болуңуз, элди алдап кетүү өтө оор!", - деп жазган Жусупжан Жээнбеков.

Эске сала кетсек, кечээ, 15-июнда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын берген.

Ал 2018-жылдын 20-апрелининен баштап өкмөттү башкара баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости