www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бишкек жарык» муниципалдык ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Бишкек шаардык прокуратурасы «Бишке жарык» ишканасындагы Кыргыз Республикасынын бюджети жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын текшерген.

Анын жүрүшүндө «Бишкек жарык» тарабынан мамлекетке 27 млн 189 миң 678 сом зыян келтирилгени аныкталды. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости