www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ЖЭБине казакстандык көмүрдүн биринчи партиясы келди

Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) казакстандык көмүрдүн биринчи партиясы келди. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көмүрдү жеткирүү 2022-жылдын ноябрынан баштап 2023-жылдын майына чейинки мөөнөттө график боюнча жүргүзүлөт. Көмүрдүн биринчи партиясы Бишкектин ЖЭБине келди, 64 жарымвагон көмүр түшүрүлдү жана 65 жарымвагон көмүр жолдо келе жатат.

Ишканадан белгилешкендей, ошондой эле азыркы учурда “Каражыра” АКынын разрезинен 65 жарымвагон көмүр жүктөлүп жатат.

“Бишкек ЖЭБинде кѳмүрдү пайдалануу боюнча талдоо жүргүзүлүп, техникалык жана экономикалык бѳлүгү бааланган”, - деп белгилешти ишканадан.

Бишкек ЖЭБинин аймагында бүгүн, 18-ноябрга карата 172 миң тоннадан ашык көмүр бар. Бир суткалык чыгым болжол менен 7,2 миң тоннаны түзѳт.

Белгилей кетсек, “Электр станциялары” ААКы “Каражыра” АКы менен бир тонна үчүн 53,45 АКШ доллары баасында 400 миң тонна өлчөмүндө Д маркасындагы импорттук көмүрдү жеткирүүгѳ келишим түзгөн.

2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилинде “Каражыра” АКысы Бишкек шаарынын ЖЭБинин дарегине 643 миң тонна өлчөмүндөгү Д маркасынедагы импорттук көмүрдү жеткирүүнү жүзөгө ашырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости