www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германияда 17-ноябрь күнү эртең менен эки жүк ташуучу поезд кагылышты. Окуянын натыйжасында бир нече вагондор жабыркап, эки цистернадан пропан агып кеткенин DPA агенттиги билдирди.
Окуя Ганновер менен Берлиндин ортосундагы темир жол линиясында болгон. Окуяга байланыштуу жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин кыймылын жабуу чечими кабыл алынган.
Журналисттердин айтымында, биринчи жүк ташуучу поезд жол белгисин күтүп, айылга жакын жерде токтогон. Ал эми экинчиси, бир нече мүнөттөн кийин белгисиз себептерден улам ага урунган. Ошол эле учурда поезд пропан толтурулган 25 вагон цистернадан турган. Катуу соккудан кийин эки вагон оодарылып, дагы экөө рельстен чыгып кеткен. Адистердин айтымында, кырсыктын кесепеттерин жоюу жана иликтөө иштери бир суткадан ашык убакытты алат.
Булак: NazarNews.kg