www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекке акыркы эки жылда 1 млрд АКШ долларынан ашык инвестиция тартылды.
Каражаттар шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана ири социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга багытталууда.
Бул тууралуу Бишкек шаарында өткөн коллегиянын жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди.
Жыйынга мэр Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Жылдызбек Абдраимов, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, административдик райондордун башчылары, муниципалдык ишканалардын жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.
Маалыматка ылайык, тартылган инвестициялар коммуналдык жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө, таштандыларды кайра иштетүүгө, заманбап комплекстерди курууга жана шаардык объектилерди жаңылоого жумшалууда.
Учурда ишке ашырылып жаткан негизги долбоорлор:
катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү жана энергия өндүрүү боюнча долбоордун экинчи этабы — $230 млн;
Hyper Partners көп функционалдуу комплекси — $300 млн;
Royal Central Park комплекси — $300 млн ашык;
Бишкектеги тазалоочу курулмаларды модернизациялоо — $70,9 млн;
социалдык инфраструктурасы бар «Оптима» комплекси — 1,2 млрд сом.
Мэриянын маалыматына караганда, долбоорлордун ишке ашырылышы жаңы объектилерди жана жумуш орундарын түзүүгө, шаар экономикасына капитал тартууга жана борбор калаанын инфраструктурасын модернизациялоого өбөлгө түзөт.