www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстанда иш менен камсыз кылуу кызматтарында 60,5 миң жумушсуз жаран каттоодо турган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7%га аз.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында министрдин биринчи орун басары К.С. Досматов билдирди.

Маалыматка ылайык, каттоодогу жарандардын ичинен 37,8 миң адам расмий жумушсуз статусуна ээ болгон. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17%га төмөн.

Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарында 65,4 миң жумушсуз жаран каттоодо турган. Алардын 45,5 миңи расмий жумушсуз статусуна ээ болгон.

Учурда Кыргызстанда расмий жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын 1,3 пайызын түзөт.

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында иш менен камсыз кылуу кызматтарынын көмөгү менен 7,1 миң адам жумушка орношкон. Мындан тышкары, 13,1 миң жаран иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү чаралары менен камтылган.

Последние новости