www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Алматы облусундагы Северцов мөңгүсүнөн 2007-жылы дайынсыз жоголгон альпинисттин сөөгү 19 жылдан кийин табылды. Бул тууралуу казакстандык ЖМКлар жазышты.
Маалыматка караганда, альпинисттин сөөгүн Беларустан келген туристтер таап, табылган жердин координаттарын Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп беришкен. Сөөктүн жанынан табылган буюмдардын сүрөттөрү социалдык тармактарга тараган.
Сүрөттөрдү көргөн альпинисттин кызы Нелли Михеева рюкзакты таанып, атасы болушу мүмкүн экенин билдирген. Кийин рюкзактын ичинен 2007-жылы дайынсыз жоголгон альпинисттин өздүк күбөлүгү табылып, анын ким экени такталган.
Казакстандын куткаруучулары сөөктү мөңгүдөн түшүрүшкөн. Нелли Михеева туристтерге, маалыматты таратууга көмөктөшкөн блогерлерге, ЖМК өкүлдөрүнө жана куткаруучуларга ыраазычылык билдирген.
Белгиленгендей, альпинисттин сөөгү деңиз деңгээлинен болжол менен 3400 метр бийиктикте, мөңгү эригенден кийин мурда жетүүгө мүмкүн болбогон аймактан табылган.