www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарына Баткенден атайын борт менен дагы 24 жабырлануучу жеткирилди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучулардын 19у Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, үчөө Улуттук госпиталга, бирөө Улуттук хирургиялык борборго, дагы бирөө гемодиализ борборуна жаткырылды.

“Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабыркап Бишкекке жеткирилгендердин саны 49га жетти. Алардын ичинен Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 33 бейтап, гемодиализ борборуна бирөө, калгандары саламаттыкты сактоо уюмдарында дарыланууда”, - дейт ал.

Солтонбекова Баткенге Бишкек, Талас жана Оштон 33 медкызматкер жөнөтүлгөнүн айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости