www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын (ТүркПа) башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышка тынчсыздануусун билдирди. Ал чек ара маселелерин чечүүдө күч колдонуу ыкмаларын колдонууга жол берилбестигин жана мындай окуялардын алдын алууга зарыл механизмдерди кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгилейт.

“Деструктивдүү күчтөр кооптонууну жаратат, алардын аракеттери мыйзамга ылайык эки тараптан тең катуу кысымга алынышы керек. Анткени мындай кырдаалдын кесепети бүтүндөй регион үчүн закаласын тийгизет. Ушундан улам, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кастыкты жана жек көрүүчүлүктү козутууга түрткү берген чагымчыл аракеттерге берилбөөгө, токтоолукту сактоого чакырыктары абдан маанилүү”, -деп жазылган билдирүүдө.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости