www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-июлда Бишкекке Түркиядан 323 кыргыз жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Жарандар "Turkish Airlines" авиакомпаниясынын Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча Кыргыз өлкөсүнө Түркиянын жарандарын, Түркиядан кыргыз жарандарын алып чыгуу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти.

Бул каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында президент жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.

Түркия тарабы эл аралык авиакаттамды жандандырышына жана чет өлкөлүк жарандардын келүүсүнө чектөөлөрдү алып салышына байланыштуу транзиттик алмаштыруу жолу аркылуу Кыргыз өлкөсүнө бул каттам менен биздин жарандар АКШ, Канада, Эфиопия, Франция, Германия, Испания, Италия, Түндүк Кипр, Венгрия, Словакия, Грузия, Корея Республикасы, Украина, Чехия, Болгария, Марокко, Улуу Британия, Бельгия, Норвегия, Польша, Швециядан келишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости