www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен жана Ош облустарындагы шейшемби күндөгү нөшөр жаандан кийинки селдин кесепетин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу 29-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Ош облусунун Алай районунда 28-июлда нөшөр жаандан кийин кокту-колоттон келген сел суусу Ош – Сары-Таш – Эркечтам автожолунун 114-чакырымын көлөмү болжол менен 1 500 куб метрлик кум-шагылга толтурган. Машиналардын өтүшүнө кыйынчылык жаралгандыктан атайын техника тартылып, жол тазалана баштаган. Бул иш бүгүн да уланууда.

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Көтөрмө айыл аймагында 28-июлда сел жүрүп, Гайрат айылындагы төрт үйдүн короосуна, бир үйдүн ичине селдин суусу кирген. Ошондой эле Кадамжай–Шахимардан автожолу кум-шагылга толгон. Кырсыктын кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат.

Адам өмүрүнө зыян келген учур катталган жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-июлдан 2-августка чейин тоолуу аймактарда сел коркунучу жогору экенин эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости