www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык "Moderna" биотехнологиялык компаниясынын коронавируска каршы вакцинасын эмдөө курсу болжол менен 50-60 доллардын тегерегинде болору айтылууда. Ал дозасы үчүн 25-30 долларды түзөт. Бул тууралуудүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай баа АКШнын жана калктын кирешеси жогору болгон өлкөлөр үчүн каралган.

Ошол эле учурда коронавирус вакциналарын иштеп чыгууга катышкан башка компаниялар дары-дармектерин арзан баада сатууну пландашууда. Алсак, америкалык "Pfizer" жана германиялык "BioNTtech" компаниялары өткөн аптада АКШ өкмөтү менен 100 миллион доза жеткирүүгө сүйлөшүү жүргүзүп, макулдук алган. Алар вакциналардын дозасын 19,5 доллардан, ал эми британ-швед "AstraZeneca" компаниясы 3-4 долларга баалашкан.

"Moderna" биотехнологиялык компаниясынын вакцинасынын баасы 50-60 доллардан болору акыркы баа эместиги айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости