www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө карантиндик режимди дагы эки айга узартууну тапшырды. Бирок этап-этабы менен талаптар жеңилдетилип турат. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Коңшу өлкөнүн өкмөт башчысы Аскар Мамин 5-июлдан тарта катаал карантиндик чектөөлөр коюлгандан кийин коронавирус жуктургандардын саны 29 пайызга кыскарганын билдирген. Муну менен күнүнө 1500-1600 жаңы учур катталып, кырдаал турукташкан.

"Ооруканага кайрылгандар 43 пайызга, реанимацияга жаткырылгандар 27 пайызга азайды. Оорудан айыккандар 63 пайызга көбөйдү. Тез жардамга чалуулардын саны да кыскарды. Жалпылап айтканда, саламаттык сактоо системасынын иши жеңилдеп, оору басаңдады" — деп айткан Мамин.

Буга чейин Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 3-августтан тарта карантиндик чараларды жумшарта турганын маалымдаган. Ага ылайык, соода жана оюн-зоок борборлору, балдар ийрими, сулуулук салондору жана коомдук транспорттун ишин жанданттуу пландалууда.

Бул учурда жарандар санитардык жана дезинфекциялык режимдерди аткаруу менен маска кийип, социалдык аралыкты сактоону улантышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости