www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, Бишкекке биринчи мугалим Дүйшөндүн эстелигин тургузуу демилгеленүүдө.
Демилгечи депутат Рыскелди Момбеков: "Эстелик залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата орнотулат. Демилгеге негиз берген тарап - Билим берүү жана илим министрлиги. Мисалы, ИИМ Академиясынын алдында Э.Алиевдин, КУУнун алдында Ж.Баласагындын эстеликтери турат. Ошол сыяктуу Билим берүү жана илим министрлигинин алдында да оргиналдуу эстелик тургузулса жакшы болмок",- деп билдирди.
Ал эми депутат Жанар Акаев кыргыз мамлекетинде эстеликтер бири-бирине окшош экенин белгиледи. «Чет өлкөлөрдө ар бир айкелдин өзгөчөлүгү бар үчүн ошол эстеликтердин жанында сүрөткө түшкөн кишилер көп»,- дейт депутат.
Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков чыгармада эмес, кадимки жашоодо жашап өткөн Дүйшөндүн сүрөтү бар экенин, эстелик ошонун негизинде жасаларын айтып, атайын сынакка келип түшкөн эмгектердин ичинен эстеликтин эскизи тандалаарын билдирди.
Булак: «NazarNews.kg»