www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда куш тумоосу

Кытайдын түштүк батышындагы Сычуань аймагында бир кишиде H7N9 вирусу табылды.2

Синьхуа агенттигинин берген кабарына караганда аймактын Зыгонп шаарында бакма канаттуу сатуучусу Ванг аттуу бир оорулууда куш тумоосунун вирусу бар экендиги билдирилди.

Жергиликтүү бир ооруканада дарыланып жаткан Вангдын абалынын олуттуу экендиги белгиленди. Шаарда бакма канаттуулар жана продукциялар сатылган бардык базарлар бир айлык мөөнөт менен жабылды.

Адистер вирустун адамдан адамга жугуу өзгөчөлүгүнүн жок экендигин белгилешүүдө.

Кытайда өткөн жумада да өлкөнүн түндүгүндөгү Шанши  аймагынын Датонг шаарында бир аялда куш тумоосу чыккан болчу. Кытай улуттук саламаттык сактоо жана үй  - бүлө пландаштыруу комиссиясы жарыялаган отчетко караганда февраль айында 61 киши, март айында 47 киши  H7N9 вирусунан каза тапкан.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости