www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 28-июлда Екатеринбургдан Бишкекке чартердик каттам менен 191 кыргыз жараны келишти. Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул каттам менен Бишкекке Урал федералдык округунда окуган студенттер, Екатеринбург, Курган, Сургут, Ханты-Мансийск, Салехард, Ноябрьск, Жаңы Уренгой жана Пермде жашап, кайтып келүүгө өтө муктаж болгон жарандар (ошондой эле ар кандай илдеттери барлар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, улгайгандар, кош бойлуулар, кичинекей балдары бар аялдар, оор турмушка кептелген жарандар) учуп келди.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан жарандардын жана кыргыз диаспора уюмдарынан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен түзүлдү. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы жактарда түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдан улам "Авиатраффик"» компаниясынын каттамдарына буга чейин сатып алган авиабилеттеринин бар-жогу эске алынган.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости