www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузакта каза болгон аялдын сөөгү кайра казылып алынды

Коронавирустан каза болгон адамдын сөөгү өлүк сактоочу жайда жакындарына жана туугандарына көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда жергиликтүү басылмага Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, маркумдун сөөгү туугандары тарабынан таанылып, атайын журналга катталгандан кийин гана берилет. Ошондой эле министрлик Сузактагы окуяга комментарий берди.

«Маркумдардын биринин жакындары сөөктү таанып, алып кетишкен. Андан кийин экинчи маркумдун жакындары келип, маркумдун калы жана колунда "Б" деген жазуу бар болгонун айтышкан. Каза болгон эки аял бири-бирине окшош болгон. Бул жерде медицина кызматкерлеринин күнөөсү жок», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Turmush басылмасы коронавирус илдетинен улам каза тапкан Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын Таштак айылынын 54 жаштагы тургунунун сөөгүн алып кетүү үчүн ооруканага барган маркумдун жакындары адашып, барпылык тургундун сөөгүнө жаназа окуп жерге беришкенин жазган.

Коронавирус илдетине чалдыккан Таштак айылынын 54 жаштагы тургуну облустук ооруканада көз жумган. Суук кабарды уккан жакындары маркумдун сөөгүн алып кетүү үчүн оорукананын өлүкканасына барышкан. Дарыгерлер аларга өлүктүн бетин ачып, 1,5 метр аралыктан көрсөтүшкөн. Маркум аялдын уулу, бир тууган иниси жана айылдашы көрүп, «сөөк биздики» дешкен.

Өлүкканада эркек киши сөөк жуугандыктан маркумдун жакындары дарыгерлерден өтүнүп, аялдын кызын, жакынын атайын коргоочу форма менен киргизип, өлүктү жууп чыгышкан. Андан соң Таштак айылындагы мүрзөгө түз алып барып, жерге берилген. Эртеси жаназа окулуп, жерге көмүлүп калган аялдын чыныгы жакындары өлүкканадан анын сөөгүн таппай калышкан.

Таштак айылынын тургундары алып кеткен маркум Барпы айыл аймагынын тургуну болгон. Жакындары ишемби күнү түшкө жакын өлүкканага келип, сөөктү таппай калышкан. Мына ошондо сөөк алмашканы белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости