www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекке Ирандан кыргыз жарандары кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Дүйнөдө COVID-19 пандемиясына байланыштуу эл аралык жүргүнчү авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан жана чек аралардын жабылышынан улам чет элдик мамлекеттерден кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча президентинин жана өкмөтүнүн тапшырмаларын ишке ашыруунун алкагында, 2020-жылдын 3-августунда Тышкы иштер министрлиги Казакстан менен биргеликте Иран Ислам Республикасынан 16 кыргыз жаранын кайтарып келүү иши аткарылды.

Биздин жарандар Тегеран шаарынан «Kish Airlines» Иран авиакомпаниясынын чартердик рейси менен Алматы шаарынын эл аралык аэропортуна учуп келишти, ал жактан алар Бишкек шаарына атайын унаа менен чыгарылды.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости