www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дайынсыз болуп жаткан бир туугандарды милиция таап, апасына өткөрүп берди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин 2004-жылы туулган С.Н. жана 2005-жылы туулган С.Н. 2020-жылдын 18-июль күнү Кочкор-Ата шаарынан үйгө кетебиз деп чыгышкан бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат жарыяланган.
Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарыяланган маалыматтан соң бир тууган кыздардын болжолдуу жүргөн жери аныкталган. Ноокен РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында өспүрүм кыздар Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан табылып, Ноокен районуна алып келинип, апасына өткөрүлүп берилген. Кыздарды сураган учурда Кызыл-Кыяга тааныштарыныкына кетип калгандыгын билдирген.
Өспүрүмдөрдүн апасы кыздары аман табылганына сүйүнүп, милицияга жана жакындан колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди.
Булак: NazarNews.kg