www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-июлда, Бишкек шаарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сатылып алынган 300 даана мобилдик кычкылтек концентраторлорунун үчүнчү партиясы жана 2000 пульсоксиметр жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова белгилегендей, бүгүн өлкөгө 300 даана кычкылтек концентратору алынып келинди. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 700 кычкылтек концентратору сатылып алынган.

«Мобилдик кычкылтек концентраторлору коронавирус инфекциясын жуктуруп, дарты күчөп кеткен бейтаптардын өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берет. Мекендештерибиздин өмүрүн сактап калуу үчүн ар тараптан бардык күч-аракеттер жумшалууда», - деп белгиледи Аида Исмаилова.

Кычкылтек концентраторлору республиканын медициналык мекемелерине бөлүштүрүлүп берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости