www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамптын жубайы Меланья Трамптын Словенияда орнотулган жыгач статуясы өрттөлдү. Бул тууралуу “The Guardian” жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, АКШдагы расизмге каршы нааразычылык акциялары бул өлкөнүн чегинен тышкары жерлерде да жайылып, словениялыктар Севница шаарына жакын жерге орнотулган Меланья Трамптын статуясын өрттөп жиберишкен.

Белгилей кетсек, статуя 4-июлга караган түнү, АКШнын эгемендүүлүк күнү белгилеген күнү өрттөлгөн.

Эске сала кетсек, АКШнын биринчи айымынын статуясы 2019-жылдын 5-июлунда өзү туулуп өскөн Севница шаарына жакын жерде орнотулган. Айкелди жасоо буйрутмасын сүрөтчү Брэд Дауни берип, аны жергиликтүү скульптор Алеш Жупевц жасаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости