www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекке өзгөчө абал учурунда кирип чыкса болобу?

Коменданттык саат башталганга чейин Бишкектин аймагында ээн-эркин жүрүп, шаарга кирип-чыкса болот. Бул тууралуу комендатурадан билдирди.

Маалыматка караганда, блокпосттор коменданттык саат башталгандан тарта эртең мененки саат 5.00гө чейин гана иштейт.

"Жарандар эркин жүрө алышат. Бирок шаар ичиндеги иштерди саат 21.00гө чейин бүтүрүп алуу зарыл. Эртең мененки бешке чейин шаар кайтарууда болот", — дешти комендатурадан.

Эске салсак, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков борбор калаага 10-октябрдан 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын алкагында комендатура түзүлүп, жетекчиси болуп ИИМ башчысынын орун басары Алмазбек Орозалиев дайындалган. Эми борбор калаанын тургундары 21:00дөн 05:00гө чейин сыртка чыга алышпайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости