www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров кайрылуу жасады

Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы маалымат таратты.

Кайрылууда:

“Баарыңарга мамлекеттеги эң жооптуу кызматты мага ишенгениңер үчүн терең ыраазычылык билдирип, бардык жоопкерчиликти мойнума алганымды билдирем. Ишенимиңерди актап, өлкөбүздү өнүккөн, заманбап, демократиялык өлкөгө айлантуу үчүн болгон күч-аракетимди жумшайм", - деп айтылат.

Жапаров ошондой эле коомдогу прогрессивдүү күчтөр биригип, өлкөнү кризистен чыгаруу мезгили келгенин билдирип, өзүнүн программасынын 10 багытын белгилеген:

"Алар: Өлкөдөгү абалды турукташтыруу, орто, чакан ишкердиктеги инвесторлордун ишин жеңилдетүү, ишкерликти жүргүзүүнүн оңой жолдорун иштеп чыгуу, социалдык жөлөк пулдар, айлык, пенсияны убагында берүүнү камсыздоо, коррупциялык ишке байланышы бар бардык аткаминерлерди жоопко тартуу, электр энергиясын үнөмдөө аркылуу жылуулук сезонуна даярдык, “Күчтүү кадрлар – күчтүү өлкө” деген саясат менен кадр тандоону таза өткөрүү, бюджетти толтуруу үчүн Жерүй, Кумтөр боюнча эл аралык келишимдерди карап чыгуу, чек аранын делимитациясы жана демаркациясы."

Ошондой эле Жапаров жаңы эрежелер менен, таза, так иштегенге аракет кыларын, "жаштарды коомун бардык катмарына тартарын" да белгилеген.

Белгилей кетсек, 10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекитти. Бул жыйынга катышкан депутаттар жана Садыр Жапаров кворум бар экенин жана баары мыйзам чегинде өтүп жатканын билдирген.

Эске сала кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир топ саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду жактоочулары камактан чыгарып алышкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости