www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 1-6-класстын окуучулары биринчи чейректеги окуусун онлайн режимде улантышат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Мэриядан белгилешкендей, мындай сунушту Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы, Бишкек шаарынын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев берген.

“Борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаалды байкаштырып, эгер кырдаал жакшырса окууну реалдуу режимде баштоого даярбыз”, - деп билдирет мэрия.

Билдирүүгө караганда, Бишкекте сентябрь айында 7-16 жаш арасындагы 439 бала курч респиратордук вирустук инфекция жуктурган болсо, октябрь айынын алгачкы эки аптасында 425 бала ооруп калган. Ошол эле учурда 7-16 жаштагы балдар арасында коронавирус жуктурган 33 учур катталган.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамасына ылайык, курч респиратордук вирустук инфекция жуктурган окуучулардын саны 20%дан ашса, окуу процессин токтотуу керек болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости