www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам казак спортчуларынын чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салды. Эми алар окуу-машыгуу, мелдеш үчүн тышка чыга алышпайт.

Билдирүүгө ылайык, Казакстандын футбол, баскетбол боюнча “Астана” жана “Барыс” хоккей клубдары календардык оюндар үчүн тышта жүрүшөт. Алар үчүн өзүнчө чечим кабыл алынат.

Мындан тышкары Казакстан Украина, Бириккен Араб Эмираттары, Германия жана Беларус республикасы менен аба каттамдарынын санын азайтты; айдоочулар үчүн ПЧР тестирлөө киргизилди.

Белгилей кетсек, 18-октябрга карата Казакстанда коронавирус инфекциясы дагы 102 кишиден аныкталды. Жалпысынан COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 109 508ге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости