www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Россиянын алдындагы милдеттемелерин бүт баарын толугу менен аткарат. Бул туурасында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров "Россия 24" телеканалына берген маегинде айтты.

Ал Кыргызстан менен Россиянын мамилеси жакшы экенин белгилеп, алаканын ошол бойдон сакталып каларына ишеним арткан.

"Эч кандай өзгөрүү болбойт, эгер болот десек анда эки тарапка тең пайдалуу келишимдер түзүлөт. Бизди Россия менен көп нерсе байланыштырып турат. Биз геосаясат, аскердик кызматташуу жана экономикалык жактан Россиянын көңүлүнүн сыртында боло албайбыз", — деп билдирген Жапаров.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков элдик толкундоого байланыштуу отставкага кеткенден кийин ЖК төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан. Мындан улам мамлекет башчынын укуктары убактылуу премьер-министр Садыр Жапаровго өткөн.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости