www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ядролук ракета комплексин башкарган британиялык суу астында жүрүүчү офицери ракеталарды кургакка түшүрүү учурунда мас абалда келип, кызматтан убактылуу четтетилгенин Sun гезити маалымат булактарына таянып жазды.
Окуя Падышалык деңиз флотунун ВМС Vigilan суу астында жүрүүчү кемеси АКШнын Грузиядагы Кингс Бэй базасына келип токтогон учурда болгон.
Британ деңизчилери ар бири үч ядролук дүрмөттү алып жүргөн 16 Trident ракетасын түшүрүшү керек болчу. Маалыматтарга караганда, системаны башкарууну колго алышы керек болгон лейтенант командири Лен Лув суу астында сүзүүчү кеменин бортунда мас абалында пайда болуп, өзү менен кошо куурулган тоок этин алып келген. "Ал өзөктүк курал үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала алган жок. Капитанды алмаштырышы керек болгон офицер мындай абалда иш уланышы мүмкүн эмес экенин түшүнгөн. Жогору жактын командачылыгына билдирүүдөн башка аргасы калган эмес" деди маалымат булагы.
Күнөөлүү офицер Шотландиядагы суу алдындагы кеме дайындалган базага жөнөтүлүп, ага карата тергөө иштери башталган.
Бул Vigilan суу алдындагы кеменин айланасындагы биринчи чуулгандуу окуя эмес. Анын мурунку капитаны жана башкы жолдошу кемедеги аялдар менен болгон байланышы үчүн кызматынан айрылышкан. Дагы тогуз экипаж мүчөсү баңгизат колдонгону үчүн кызматтан кеткен.
Булак: NazarNews.kg