www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоолуу Карабахтагы жаңжалды басуу үчүн Сириядан миңге жакын согушкер келди. Бул тууралуу «РИА Новости»  жазды.

«РИА Новости» агенттигине белгисиз адам тарабынан: «»Өткөн жумада Тоолуу Карабахка миңге жакын согушкер жөнөтүлдү, жакын арада дагы ушунча согушкердин келери күтүлүп жатканы боюнча маалымат алдык», — деген билдирүү түшкөн.

Белгилей кетсек, буга чейин Сириянын президенти Башар Асад «РИА Новостиге» берген маегинде Түркия мамлекети террордук топторду пайдаланып, Сириядагы согушкерлерди Тоолуу Карабахка жөнөтүп жатканын айткан.

Орусия Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкин эл аралык террордук уюмдардын жүздөгөн-миңдеген жалданма аскерлери, радикалдык топтор чыр-чатак чыккан аймакка активдүү тартылып жатканы боюнча маалыматтар келгенин ырастаган.

Эске салсак, Армения менен Азербайжандын чек арасы болгон Тоолуу Карабах аймагындагы куралдуу кагылыш 27-сентябрдан бери токтобой келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости