www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Свердлов райондук милициясы бир жашар баласын сабоого шек санап, 25 жаштагы келин кармалганын билдирди.

Милициянын басма сөз кызматы кабарлагандай, 102 кызматына келин баласын уруп жатканы тууралуу маалымат 26-апрелде саат 7:35 чамасында түшкөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкери барганда маалымат тастыкталып, шектүү баласы менен кошо милицияга жеткирилген.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Шектүү келинге Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренесине ("Үй-бүлөлүк зомбулук") ылайык протокол түзүлдү. Наристе коопсуздугун камсыздоо максатында Свердлов райондук Балдарды колдоо жана коргоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда адистештирилген балдар мекемесине өткөрүлүп берилген.

Последние новости