www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен районунун Чоң-Кара айылында жубайлар каза болгонун Turmush басылмасы жазды.
Басылманын маалыматына ылайык, окуя бүгүн, 26-апрелде эртең менен катталганын айыл башчы Темирбек Толобаев билдирген.
Алдын ала маалыматка караганда, тургун аялын өлтүрүп, андан соң өзүнө кол салганы айтылууда. Каза болгондор 45 жана 46 жашта болгон. Үй-бүлөдө 5 бала бар, алардын үчөө мектеп окуучусу.
«Окуя түн ичинде же эртең менен болгон окшойт. Балдары көрүп, кабар беришкен. Аялы бычакталып, күйөөсү даракка асынган абалда табылган. Милиция келип, сөөктөр экспертизага жөнөтүлдү. Каза болгон кишинин апасы да жакында эле көз жумган. Көп өтпөй ушундай окуя болуп калды. Үй-бүлө жакшы жашачу. Буга чейин урушуп-талашканын уккан эмеспиз», деди айыл башчы.
Учурда окуянын жагдайлары такталып жатат. Милиция тиешелүү териштирүү иштерин жүргүзүүдө.