www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
25-апрель күнү саат 19:02 чамасында «102» кызматынын нөөмөт бөлүмүнө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын имаратында жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу, ошондой эле Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин жетекчилиги барган.
Коопсуздукту камсыз кылуу максатында жарандар эвакуацияланып, имараттын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган. Тийиштүү издөө жана текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүп, маалымат тастыкталган жок.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында бир нече сааттын ичинде Бишкек ШИИББнын ЭММКАКнын жана Ленин РИИБдин ЭММКАКнын кызматкерлери тарабынан 2007-жылы туулган Я.С. аттуу жаран аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Ал Тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.