www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы «Nomad Arena» муз аянтчасында 18 жашка чейинки оюнчулар арасында хоккей боюнча Азия кубогу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эл аралык турнирге Кыргызстан, Өзбекстан, Макао (Кытай), Индонезия, Монголия жана Индия мамлекеттеринин курама командалары катышты. Мелдештер курч атаандаштыкта өтүп, жаш хоккейчилердин жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөттү.
Жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун — Өзбекстандын курама командасы;
2-орун — Кыргызстандын курама командасы;
3-орун — Монголиянын курама командасы.
Сыйлоо аземи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаевдин, Эл аралык хоккей федерациясынын вице-президенти Айваз Оморкановдун жана спорт коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.