www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кубанын президенти Мигель Диас-Канель АКШ тараптан аскердик коркунуч күчөгөнүн билдирип, мындай абал буга чейин болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткенин айтты. Ал өлкө эли көз карандысыздыгын коргоого даяр экенин баса белгиледи.
Маалыматтарга ылайык, АКШ Кубага койгон талаптарын күчөтүп, мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүнү, чет элдик инвестицияларды көбөйтүүнү жана Америкадан энергия ресурстарын сатып алууга мажбурлап жатат.
Мындан тышкары, Дональд Трамп Кубага байланышкан айрым адамдар жана компаниялар менен жүргүзүлгөн каржы операцияларына чектөө киргизүүнү тапшырды. Ошондой эле ал USS Abraham Lincoln (CVN-72) атомдук кемесин Кубанын жээктерине жөнөтүүнү караштырып жатканын билдирген.
АКШнын мунай жеткирүүгө байланышкан чектөөлөрүнөн улам Кубада күйүүчү май тартыштыгы жаралган. Март айынын аягында Россиядан 100 миң тонна мунай жеткирилген.