www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 28-майдан тарта август айынын аягына чейин жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилерин Ленин районунун тургундары менен жолугушууда мэриянын Муниципалдык инспекциясынын башчысы Мирлан Таалайбеков билдирди.

Шаар тургуну Кум-Арык көчөсү 2024-жылы асфальтталганын, бирок учурда оор жүк ташуучу унаалар аны бузуп жатканын кабарлады. Анын айтымында, жол белгилерине жана 40 км/саат ылдамдык чектөөсүнө карабастан, жүк ташуучу транспорттор каттап, жаңы төшөлгөн асфальтты бүлүндүрүүдө.

Мирлан Таалайбеков жай мезгилинде жүк ташуучу унаалардын кыймылын чектөө каралып жатканын маалымдады.

«28-майдан тартып Жол кайгуул кызматы менен биргеликте рейддик иш-чаралар башталат. Абанын температурасы 28 градустан жогору болгондо жүк ташуучу транспорттордун кыймылы чектелет, анткени ысыкта асфальт бат бузулат. Бул чаралар августтун аягына чейин күчүндө болот», - деди ал.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өлкө аймактарында облус жетекчилеринин, шаар мэрлеринин, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын, прокуратура, ички иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуулар өтүүдө.

Последние новости