www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосу:
“Ардактуу энелер!
Кымбаттуу мекендештер!
Сиздерди Энелер күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
Кыргыз элинде байыртадан эле айтылып келе жаткан «Эне – үйдүн куту» деген сөз – көчмөн элибиздин турмушунан, дүйнө таанымынан жана кылымдар бою калыбын бузбай, таасирин жазбай сакталып келаткан нарк-насилинен келип чыккан уңгулуу түшүнүк. Чындыгында эле, эне – өмүрдүн башаты, үй-бүлөнүн жүрөгү, тарбиянын тунгуч булагы!
Тээ байыркы жоокерчилик заман болобу, же бүгүнкү цивилизациялуу турмуш болобу үй-бүлөнү камкордукка бөлөөгө аталар жооптуу болсо, үйдүн берекесин сактап, балдарды тарбиялап, улуттун учугун улоо энеге жүктөлгөн. Жарык дүйнөгө келген ар бир бала алгач эненин үнүн угат, анын мээримин туят, дүйнөнү ал аркылуу тааныйт. Эне тилин, адеп-ахлакты, улууну урматтоону, кичүүнү ызааттоону, боорукерликти жана адамгерчиликти энеден үйрөнөт.
Кыргыз энелери балдарын намыска сугарып, эл-жер, Мекен деген ыйык сезимдерге чөмүлтүп, эң башкысы, ата-бабалардан калган нарк-насилди боюна сиңирүү менен тарбия беришкен.
Энелерибиз таасын тарбия көргөн бала эртең эл эгеси, журт багары болорун эң жакшы түшүнүшкөн. Карт тарыхыбызда нечен-нечен эл баккан, журт кадырлаган эр-азаматтардын баатырдыгы, даанышмандыгы, чечендиги, жөн билгилиги аталар менен кошо энелер аркылуу да өткөндүгү тууралуу бир топ окуялар бүгүнкү күнгө чейин уламыш кепке айланып, айтылып келет.
Бүгүнкү күндө кыргыз энелери уул-кыздарды тарбиялап гана тим болбостон, билим берүүдө, саламаттык сактоодо, илимде, маданиятта, ишкердикте жана мамлекеттик кызматта ийгиликтүү эмгектенип, коомубуздун таянычына айланган.
Ошондуктан кыргыз коомчулугу энени жөн гана бала төрөгөн аял эмес, үйдүн куту, тарбиянын башаты жана улуттун келечегин калыптандыруучу аты улук аялзаты катары жогору баалашат.
Ата-бабаларыбыздын жолун улап, эне болуу бактысына эгедер айымдардын баарын урматтап, кадырына жете билели.
Кадырлуу энелер!
Мекенин сүйгөн, элине ак ниеттен кызмат кылган муунду тарбиялап өстүргөн түйшүктүү эмгектен талбай, тарых алдындагы зор жоопкерчиликти татыктуу аркалап келе жатасыздар.
Урпак тарбиялоо аркылуу улуттун келечегин түптөп, элибиздин нарк-насилин, каада-салтын жана руханий баалуулуктарын муундан муунга өткөрүп келе жаткан да – сиздерсиздер!
Сиздердин жүрөгүңүздөрдөгү мээрим – ар бирибиз үчүн бүтүндөй бир өмүргө жетерлик күч-кубаттын булагы.
Ар бир үйдө балдардын күлкүсү жаңырып, энелердин жүзүнөн жылмаюу кетпесин.
Майрамыңыздар кут болсун, мээрман энелер!”