www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 31-август күнү Эгемендүүлүк майрамына карата Чүй пропектисинин бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан билдиришти.

Саат с 09:00дөн 12:00гө чейин Чүй проспектисинин Тыныстановдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

ЖКККББ шаар тургундары менен коноктордон бул чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, маршрутун ыңгайлаштырып алуусун өтүнөт.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандын эгемендүүлүккө жеткенине 29 жыл толот. “Ала-Тоо" аянтында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанат өтүп, бирок ага эл чакырылбайт. Салтанат саат 10:00дө башталып, 11:00дө аяктайт. Ал эми кечки саат 22:00дө майрамдык салют атылат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости