www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунун ыйгарым укукттуу өкүлү Марат Мураталиевдин сегиз коммерсиялык фирмалары бар. Алардын бешөө биринин артынан бири курулган микрокредиттик компаниялар. Аталган фирманын бирөөсү Марат Мураталиевдин декларациясында жок. Бул тууралуу Economist.kg басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, чиновниктин шагыл жана кум казуучу компания менен бирге дагы коммерсиялык айыл-чарба компаниясы бар.
Марат Мураталиевдин мүлкүнүн тизмесине Талас облусундагы  беш микрокредиттик компания кирди. Компаниялардын бир жума ичинде биринин артынан бири катталгандыгы өзгөчө көңүл бурдурду:
•    "Намыс-Аманбай" ЖЧКсы 2010-жылдын 6-сентябрында негизделген. Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн арасында Марат Мураталиев менен кошо беш адам бар. Бул адамдар жөнүндө эч кандай маалымат жок. Компания алгачкы эки жылда эле (2011-2012-жылдары) 2 миң жана 3,3 миң сом өлчөмүндө салык төлөгөн;
•    "Намыс-Белсен" ЖЧКсы 2010-жылдын 7-сентябрында катталган. Бул компания жогорудагы компаниядан эртеси эле төрт жаран тарабынан негизделген. Алардын арасында, ыйгарым укуктуу өкүлдөн башка, белгилүү адамдар жок. Салыктык чегерүүлөр нөл;
•    ЖЧК "Аман-Эсен" ошол  эле жыл, ошол дата (2010-жылдын 7-сентябрында) негизделген.   компанияга  - Марат Мураталиев жана Расалиевдер ээлик кылат. Салыктык чегерүүлөр катталган эмес; 
•    "Намыс-Талас" ЖЧКсы 2010-жылдын 8-сентябрынан бери иштеп келет. Каржы уюму Талас шаарында жайгашкан жана аны төрт адам тарабынан негизделген.
Негиздөөчүлөрдүн катарында Бекасыл Уркумбаев да бар - ал 2015-жылы «Кыргызстан Элдеринин Конгресси» партиясынын тизмези менен 66-номерде Жогорку Кеңешке шайлоого келген. Калган эки кожоюн жөнүндө эч маалымат жок. Салыктар бюджетке өткөн эмес;
•    Эркин-Капитал ЖЧКсы 2010-жылдын 15-сентябрында пайда болгон. Таласта жайгашкан фирманын беш кожоюну бар. Микрокредиттик компания бюджетке салык төлөгөн эмес. 
Марат Мураталиевдин 2017-2018- жылдар үчүн эки гана ачык декларациясы бар. Декларацияга таяна турган болсок, ыйгарым укуктуу өкүлдө үй, унаа турсун эч кандай байлык жок. Тек гана: 
2017-жылы үчүн 536 миң 172 сом ( 44 миң 700 сомдон айына)
2018-жылы 257 миң 977 сом (айына 23 миң) жылдар үчүн жыйнаган мүлкү бар

Булак: NazarNews.kg

Последние новости