www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окурманыбыз өзүнүн арыз-муңун бөлүшүп биздин [email protected] электрондук дарегибизге кат жолдогон. Каарманыбыздын жашоодогу көйгөйүн сиздерге бөлүшмөкчүбүз.

- Аялым менен өзүбүздүн батирибиз жок ар кайсы туугандардыкына, жатаканада жашап баш калкалап жүрдүк. Эки жактагы ата-энелерибиздин жардамы менен ипотекага үй алдык. Ата-энелерибиз көбүн төлөп, азы бизде калды эле. Аялым мугалим болуп иштейт, мен базарда дүң баада жер жемиштерди сатам. Ошол эле маалда аялымдын тапканы менен ипотеканы төлөп бүтө албайбыз. Меники чай-пулга, балдардын бала бакчасына, кийим кечесинен артпайт. Акчадан кыйналып кеткенде 3 бөлмөлүү үйүбүздүн 1 бөлмөсүнө квартирант киргизебиз деп сүйлөштүк. Аялымдын маянасы менен квартиранттар берген акча ипотеканы төлөгөнгө жетип калмак. Балдардын жүргөн турганына тыйын тыпыр артып калсын деген ойдо эки квартирант кыз алдык. Эже-сиңдилер экен.

Ошол квартиранттар менин башыма түшкөн шор болду. Алардын бири байдын токолу болгон экен. “Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт” дегендей нары өтсөм, бери өтсөм эле тиктеше калабыз. Балдарым кошумча сабактарга барат үйгө кеч келет. Аялым кургур да акчанын айынан байлардын баласына кошумча сабактарды алып алган. Базар эрте жабылып үйдөгүлөрдөн мен эле эрте келем. Ошондой күндөрдүн биринде ашканада тамак жасап атсам тиги квартирант кыз жуунучу бөлмөдөн сүлгү оронуп чыга келди. Үйдө жалгыз экөөбүз экенин билип аны уктоочу бөлмөгө алып кирдим. Ал өзү эч каршылык көрсөтпөдү.

Андан кийинкисин айтпасам да белгилүү да. Биздин таттуу күндөр ушинтип улана берди. Мен анын сулуу жүзү, аппакай саны үчүн жумуштан эрте келем. Ал болсо мени күтүп сүзүлүп үйдөн чыкпайт. Бир күнү экөөбүз төшөктө жатып анын жылаңач денесин телефонго тартып алдым. Аялым келе турган убак болуп калгандыктан шашып кийинип жатып телефондогу сүрөт эстен чыгып кетиптир. Кечки тамакты ичип бүткөндөн кийин, аялым менден телефон сурап калды. Мен эч нерсе ойдо жок телефонду берип коюп,  уктоочу бөлмөдө кичине кызымды эркелетип сыналгы көрүп олтурсам, аялымдын чаңырган үнү чыкты. Чуркап бара калсам телефондо квартирант кыз экөөбүздүн жылаңач сүрөттөрүбуздү таап алган экен.

- Бул эмне?- деген аялымдын суроосуна жооп таба албай башымды жерге салып туруп калдым.

- Алтыным кечирип койчу мени,-деген сөздөр араң чыкты оозумдан.

Убактылуу кызыкчылык үчүн үй-бүлөмдөн ажырап калам деген ой эч келген эмес. Аялым үйдөн чыгып кетишимди талап кылды. Ошол учурда тиги сүзүлгөн сулуунун чачын жулду. Мен эч кимисине болушкан жокмун.

Мен аялымдын ачуусу тараганча деп дос балдарымдыкына 3-4 күнгө келдим. Бирок арадан 3 айдан ашуун убакыт өтсө дагы аялымдын ачуусу тарабай менин айлам куруп жаткан убак. Баарынан да зар какшап араң үйгө жеткенде, үйдөн кубулуп калганыма ичим өрттөнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости