www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын желеги менен жүргөнүм менен өзүмдү бул жакта көрбөйм. Балдарым көп. Абдан акылдуу, тың чыкма балдар. Менден туулбаса да энелик кылып атканым келет. Мындай пикирин теле алып баруучу Назира Айтбекова Фейсбук баракчасына жазды.

"Кээде өзүңөрдү тыңшап, келечегиңерге көз жүгүртөсүңөрбү? Тыңшайм. Тыңшаган нерсем дайыма туура чыгат. Турмуш куруп, келиндик доорду аткарып атканым, же бала - бакырага чулганып атканым тартылбайт. Жанымда жүргөн эркек көрүнбөйт негедир. Өмүр бою жалгыз өтчүдөй сезим бар. Мен жана карьерам бар. Кыргызстандын желеги менен жүргөнүм менен өзүмдү бул жакта көрбөйм. Балдарым көп. Абдан акылдуу, тың чыкма балдар. Менден туулбаса да энелик кылып атканым келет. Эне болуш үчүн сөзсүз эле төрөш керек эмес. Энелик - улуу сезим. Ал оозуйпаны мыкты аткарам деп билем. Менин жашоом ары кызыктуу , ары пайдалуу болот. Коомго болгон пайдам күч болот деп ишенем. Менин милдетим ошондо го дейм. Коомго аруулук, жарык сепким келет. Тегерегимдеги мага жолуккан адамдын көкүрөгүн тазалап, жаңы, мыкты жашоо ачып берүүгө себепкер катары көрөм өзүмдү", - деп жазган Айтбекова. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости