www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 42 киши тамакка ууланды

Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына бүгүн тамакка ууланган 42 адам келип түштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, уулангандардын абалы оор эмес. Биринчи жардам берилгенден кийин 40 киши үйүнө жиберилди, эки киши бейтапканага жаткырылды. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

“24.kg” басылмасы медициналык мекемелерге таянуу менен массалык уулануу “Ак-Кеме” мейманканасында болгонун жазды. Жабырлануучулар мындан да көп болушу мүмкүн экени кабарланууда.

Учурда санитардык-эпидемиологиялык кызматтар тийиштүү иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Уулануунун чыныгы себептери айтыла элек.

Быйыл 28-июлда Ысык-Көлдөгү Бостери айылындагы жергиликтүү пансионатта 11 киши, андан мурдараак, 8-майда “Аврора” санаторийинде 22 адам тамактан ууланган.

Ушул эле жылдын 31-мартында Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" ресторанында өткөн үлпөт тойдо жапырт уулануу катталган. Анда ооруканага кайрылгандардын саны 180 кишиден ашкан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ресторандын жетекчилигине айып салынган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости