www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-августта Түркмөнстандын Президенти  Гурбангулы Бердымухамедовдун чакыруусу менен Түркмөнбашы шаарында өткөн Аралды сактоо эл аралык фондунун Саммитине  ардактуу мейман катары катышты.

Саммитке Фонддун уюштуруучу мамлекеттеринин башчылары — Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев катышышты.

Кыргыз тарап ардактуу мейман катары Саммиттин жыйынтыктоочу документи — Биргелешкен коммюникени кароого жана кабыл алууга катышкан жок.

Мамлекет башчылары тар жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдөн кийин жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасашты.

«Кыргыз Республикасы быйыл март айында Астана шаарында кайра жанданган Борбор Азиядагы  саясий диалогду жана өз ара пайдалуу кызматташууну чыңдоону колдойт. Сиздерге белгилүү болгондой, 2016-жылы Кыргызстан Фонддун ишмердигине катышууну токтото туруу чечимин кабыл алган. Бул чечимге  Аралды сактоо эл аралык фондун терең реформалоо зарылчылыгы түрткү болгон», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

2009-жылы Борбор Азиянын Мамлекет башчылары Фонддун тутумун жана келишимдик-укуктук базасын  өркүндөтүү тууралуу чечим кабыл алган.

«Тилекке каршы биз бул маселеде жылыш жок экендигин байкап жатабыз. Бирок, ошол эле учурда Кыргызстан Аралды сактоо эл аралык фондун уюштуруучу мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышуу тууралуу сунуш үчүн ыраазы. Бүгүн мен Саммиттин жүрүшүндө Аралды сактоо эл аралык фондунун жана анын органдарынын  ишмердиги  боюнча Кыргызстандын позициясы тууралуу кеңири айттым. Биз биргеликте Аралды сактоо эл аралык фондун  ар тараптуу реформалай алабыз деп терең ишенем. Аралды сактоодогу  биздин максатыбыз — Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринин кызыкчылыктарын жана зарыл керектөөлөрүн бирдей эске алуу менен Фонддун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу деп ойлойм»,— деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Сөзүн жыйынтыктап, Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан өлкөлөрдүн жана элдердин жыргалчылыгы үчүн Борбор Азияда туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында суу-энергетикалык маселелердин бардык спектрлерин талкуулоо үчүн ар дайым ачык экенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости