www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 1963-жылы туулган Мален Рахматов үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңеши билдирет.

Маалым болгондой, ал 25-сентябрда саат 12:00дө 10-кичирайондогу үйүнөн чыгып кеткен, ошондон бери анын кайда экени белгисиз.

Кийген кийимдери: джинсы, боз жемпир.

Өзгөчөлүгү: бою 170 сантиметр, арык денелүү, чачы түшүп бараткан, көз айнек тагынат.

Эс-тутумун жоготуудан жапа чегет. 

Дайынсыз жоголгон адам тууралуу маалыматы барлар болсо: +996 555 230 490, +996 755 074 720 телефондоруна чалууну суранабыз.

27-сентябрь күнү саат 10:00дө Жибек Жолу пр., 413-үйдүн жанынан Мален Рахматов сүрөттөгүдөй кийинип, бирок бут кийими жок жүргөнүн көрүшкөн. Аны көргөн-билгендер болсо номурларга чалып же милицияга кабарлоону өтүнөбүз.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости