www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Nazarnews маалымат агенттигине Садык Алахан “ өз ата-энесине жоопкерчиликтүү, адамгерчиликтүү, гумандуу мамиле жасай албаган адам, кызматына, коомго жакшы мамиле жасоосу да күмөн жаратпай койбойт”-деди.
-Тазабек Икрамовдун ата-энесин карылар үйүнө таштагандарды мамлекеттик, муниципалдык кызматтарга ишке албоону сунуштаган, ата-энени карылар үйүнө таштабай багууга милдеттендирген мыйзам долбоорун даярдап жатыптыр. Депутаттын демилгеси орундуубу?
-Бул маалыматты окуп чыктым. Орундуу. Ата-энелер балдардын алдында кандай милдеттүү болсо, балдар да дал ошондой эле деңгээлде жооптуу болуш керек. Бул эми маселенин укуктук жагы. Ал эми адеп-ахлактык, моралдык жагынан карасак - сөз жок милдеттүү.
Кызматтарга албай коюу жагы деле туура го дейм. Анткени, өз ата-энесине жоопкерчиликтүү, адамгерчиликтүү, гумандуу мамиле жасай албаган адам, кызматына, коомго жакшы мамиле жасоосу да күмөн жаратпай койбойт. Анткени, андай адам түпкүлүгүндө дили бузук жан болот эмеспи.
Булак: NazarNews.kg