www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык кеңешинин атайын депутаттык комиссиясы борбордо 84 гектар жер тилкеси ижарага берилип кеткени боюнча иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы, “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутат Канатбек Мүзүралиев “Азаттыкка" билдирди. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Депутат Бишкек шаарында акыркы жылдары курулган көп кабаттуу үй 104 пайдаланылууга берилгени турганын, алардын канчасы жеке менчик жерге, канчасы муниципалдык жерге курулганы да такталышы керектигин айтты.

Бишкектин 84 гектар аймагы беш жылга ижарага берилип кеткени тууралуу кабарды буга чейин Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата- Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов ачыкка чыгарган.

Борбордун мэри Албек Ибраимов анын тушунда ижарага алты гектар тилкеси берилгенин айтып, калган жерлер мурдагы шаар бийлигинин учурунда таратылып кеткенин парламентте белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости