www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Эмиль мырза, акыркы учурда чыгармачылыктан алыстап кеткендейсиз. Тыныгуудасызбы?

- Учурда Жалал-Абад облусунда шаардык филармонияда директордун орун басары болуп эмгектендим. Ошондуктан, көбүнчө чыгармачылыкка көп убакыт бөлүнбөй кетти. Аракеттенип ырларды чыгарып жатам. Ал эми телеге чыкпай жатканымдын себеби Жалал-Абад шаарында иштеп жатканымда. Жаздын келиши менен клиптерди тарттырганга киришип жатам. Ырларым болсо даяр радио толкундардан кетип жатат.

- Чоң сахнада жүргөнүңүзгө он жылдан ашык убак болуп калды. Бул жылдар аралыгында сиз элге кандай кызмат өтөй алдым деп ойлойсуз?

- Буга чейин элге татыктуу кызмат өтөө үчүн болгон күчүмдү жумшап, аракет кылып иштедим. Мындан ары да эмгектене берем. Эл адамы болуп бул кесипти тандап алган соң андан алыстоо мүмкүн эмес. Болгону биздин эмгекти баалаган, ырларыбызды тыңдаган элибиз, угармандарыбыз бар болсо бул чоң жетишкендик деп билем. Чоң-чоң шаарларды аралап 2007-жылдары жеке концертимди бергем. Андан бери райондордо гастролдоп жүрүп жеке концерт бергенге убакытым боло элек. Жеке концертимди берсемби деген пландар акыркы учурда оюмдан кетпей жатат. Быйылкы жылга пландап концерттин үстүндө да иштесемби деп турам.   

- Сиздин репертуарыңыздагы ырлардын көпчүлүгү жай темпте эмеспи. Бул стилди өзүңүз тандап алгансызбы? 

- Ооба, туура белгилеп өттүңүз. Клиптеримдин да көпчүлүгү бир жай жашоону сүрөттөгөндөй. Ошондуктан, баарын жай кабыл алат. Бул стилди өзүм тандагам. Сахнада өзүмдү алып жүргөнүм да ушундай (күлүп). Жаш балдардай болуп секирип бийлей калуу да жок. Ошентсе да репертуарымды жаңылоодо тойго арналган, жаштардын суроо-талабын канаттандыра турган шаңдуу ырлар да бар. Акыркы учурда коом ушундай ырларга басым жасагандыктан, биз да ошого карата иштөөдөбүз. Бирок, өз стилимди жоготпойм. Диний ырларды көп аткарганым үчүн да мени эл башкача кабыл алып келишет.  

- Ыр тандоодо ким менен кеңешесиз?

- Ыр тандаардан мурун эң биринчи кезекте коомчулуктун пикирин эске алам. Ким кандай ырды угуп жатат деп изилдейм. Изденем, аракеттенем. Башкалардан айырмачылык болуу үчүн өзгөчөлүк киргизгенге аракеттенем. Буга чейин ырларымдын тексттерин өзүм жазсам, азыр акындарга кайрылып алар менен акылдашып иштеп калдым. Ыр тандоодо сөзүнө терең маани берем. Акыркы учурда төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр менен кызматташып жатам. 

- Сиздин пикирде азыркы учурда коомчулук кандай ырларды талап кылууда?

- Акыркы учурда коомчулук жеңил ырларга басым жасап жаткандай туюлууда. Себеби, радиолордо, тойлордо ошондой ырлар хит болуп жатат. Ырдын хит болгонун элге жагып жатат деп түшүнсөк болот. Бирок, андай ырлар менен эле чектелип калбастан салмактуу ырларга баа берип, бүгүн да “Ичпечи апа” сыяктуу дастандарды да суранып калышат. “Дастандар сага жарашат. Дастандарга көбүрөөк басым жасачы. Элдин көйгөйүн көбүрөөк чагылдырчы!” деп кайрылып турган, күйөрман, угармандарга ыраазычылык билдирем. Суранычтарды эске алып ушул тапта кыздардын адашып калуусу, аборт боюнча бир дастан даярдоомун. Буюрса жакынкы аралыкта жарык көрөт. Күбө болуп, баалайсыздар деген ниеттемин.

- Сиздин репертуарда жеңил ырлар бар десек туура болобу?

- Болот. Мен калп айткым келбейт. Коомчулук эмнени талап кылса ошого жараша иш кылып калат экенсиң. Репертуарымдын баары жеңил дегенден алысмын. Бирок, арасында бирин, экин бар. Айыл жергесин кыдырсаң классика, опера, чет элдик ырларды ырдап тура берсең аларга жакпайт. Уккулары да келбейт. Аларга жеңил-желпи ырлар керек. Ошол ырлар өтөт. “Кээде шаңдуу ырларың барбы? Ошондой ырларыңды эле ырдабайсыңбы!” деп ачык айтып суранышат.

 - Диний ырларды көп аткарып, сизди дин жолуна түшүп кеткен деген кептер чынбы? 

- Эми дин жолуна түшүп кеткен деген сөздөрдүн турлөрү бар. Мисалы, мен Ислам университететинде же Медреседе окуп, билим алган эмесмин. Бул жагынан менин толук билимим жок. Көп нерсени да билип, түшүнө элекмин. Бирок, мусулман пендеси катары өзүмдүн динимди туу тутуп, таза, түз жолдо өзүмдү алып жүргөнгө аракет кылып келем. Динимди таанып, ага ибадат кылып кесибимди токтотпой алып кеткенге аракеттенген ырчы катары мени билсеңиздер болот.

- “Динде жүргөн адамга ырдаганга болбойт” деген нерсени билесизби?

- Ушул жашка келип мен “Ырдаганга тап такыр болбойт” деген адамдарды уктум. Бирок, көбүнчө бардык нерсени оң жакка бурганга болот деген сөзгө таянып келем. Мисалы, ширенкени жагып бир жерди өрттөп жиберсең болбойт. Бирок, аны жок кылып салууга мүмкүн эмес. Себеби, тиричиликке, үй жумуштарын жасаганга эң керектүү нерсе дегендей ырдоодо да мекенди сүйүп, аны мактап ырдаса болот деп уккам. Мен өзүм да ушуну туура деп ойлойм. 

- Өзүңүздү шоу бизнестин өкүлү катары көрө аласызбы же ага кошулбайсызбы?

- Албетте кошом. Себеби, биздин жеген тамагыбыз, тапкан наныбыз бул чөйрөнүн аркасы менен болгондуктан, кошулбайм деп айтуу мүмкүн эмес. Мен шоу бизнестин өкүлүмүн!

- Ал эми жеке жашооңузда кандай жагымдуу жаңылыктар бар?

- Жубайым Кара-Кулжанын кызы аты Күнай. Үч баланы тарбиялоодобуз.

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

Последние новости