www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы "Профикс-Юг" ишканасында адам өмүрү кыйылган жарылуунун чоо-жайын иликтеп жатат. Анын жыйынтыгы менен кылмыш иши козголорун милициянын басма сөз катчысы Адыл Оморов "Азаттыкка" билдирди. Бул тууралуу Азаттык маалымат агенттиги билдирди.
Аталган жеке ишканада 11-апрелде жарылуу болуп, 20 жаштагы жумушчу каза тапканын, 28 жаштагы жумушчу жарадар болуп ооруканага жеткирилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган.
- Экспертиза дайындалып, териштирүү бүткөндө бир чечим чыгат. Баштапкы маалыматтарга караганда, олифа сырын колдонгон цистернаны ачып жатканда ал жарылып кеткен, - деди Адыл Оморов.
"Профикс-Юг" ишканасынан комментарий алууга азырынча мүмкүн боло элек. Кабарларга караганда ишкана пластикалык курулуш материалдарын чыгарат.
Булак: NazarNews.kg