www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төраганын орун басары Асел Кодуранова баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары КМШ ПААнын жыйынынын алкагында Өзбекстан Олий Межлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасынын орун басары Борий Алихонов менен жолугушту. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз-өзбек кызматташтыгынын учурдагы абалы талкууга алынып, ар тараптуу байланыштарды арттыруу, анын ичинде парламенттер ортосундагы алакаларды өөрчүтүү маселелери талкууланды.

Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Асел Кодуранова бул жолугушуу эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына туура келип жатканын белгилеп: "Мамлекет башчыларыбыздын алгылыктуу аракетинин арты менен кыргыз-өзбек кызматташтыгынын жаӊы барагы ачылды. Парламенттер аралык байланыштарды чыӊдоо аркылуу бир тууган эки элдин достугун дагы да бекемдей алабыз",- деди.

Ошондой эле Асел Кодуранова мамлекеттик чек ара маселесине тиешелүү макулдашуулардын маанилүүлүгүнө токтолуп, мындан ары да бул жааттагы сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылчылыгын кошумчалады. Жакынкы аралыкта кыргыз парламентинин делегациясы Өзбекстандын Фергана шаарына барып, өзбекстандык кесиптештери менен жолугушарын да билдирген төраганын орун басары, аталган жолугушуунун алкагында кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын алгачкы жыйынын өткөрүү мерчемделгенин маалымдады.    

Өз кезегинде Өзбекстан Олий Межлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасынын орун басары Борий Алихонов парламенттер аралык байланыштардын кеӊейтүү менен мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйбаларды алмашуу учур талабы экенин белгиледи. "Алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык. Биздин ортобузда эч кандай тоскоолдуктар болбошу керек. Алсак, 2017-жылга чейин парламенттер аралык байланыштарыбыз солгундап келген. Эми биз мындан ары тыгыз байланышты калыптандырып, туруктуу алаканы өнүктүрүшүбүз зарыл. Айрыкча, эки өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган мыйзамдарды кабыл алууда тажрыйба алмашып, кызматташуубуз абзел", - деди Борий Алихонов. Ошондой эле ал өзбек тарап Кыргызстанда өтө турган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна жана ЕККУ ПАнын күзгү жыйынына зор кубануу менен катышарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, жылуу достук мамиледе өткөн жолугушууга Жогорку Кеӊештин депутаттары Акылбек Жамангулов, Айнуру Алтыбаева жана Эмил Токтошев катышты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости